Биздин компания Кыргызстандагы ишканалар үчүн өнөр жай жабдууларын жеткирүүнү ишке ашырып, тандоодон тартып аны жеткирүүгө чейин толук комплекстүү кызматтарды көрсөтөт.
«ТриТ» канаттуулар фабрикасы үчүн жумурткаларды сорттоо жана таңгактоо процессин автоматташтырууга арналган жабдууну жеткирүү, бажыдан өткөрүү, орнотуу жана жөнгө салуу иштерин аткардык.
«Little Giant» саатына 20 000–25 000 жумурткага чейин өндүрүмдүүлүктү камсыздап, жумурткаларды салмагына жараша 5 категория боюнча так сорттоого мүмкүндүк берет. Электрондук тараза системасынын тактыгы ±0,2 граммга чейин жетет.
Продукцияны этият иштетүүгө өзгөчө көңүл бурулган: жабдуунун конструкциясы жумурткалардын сынып кетүүсүн жана кабыгынын жарака кетишин минималдаштырууга мүмкүндүк берет —көрсөткүч 0,1%дан төмөн. Линия санитардык тазалоо талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан. Жабдууну башкаруу системасы толугу менен орус тилинде жүргүзүлөт.
«АзияИмпортЭкспорт»- өндүрүштү жабдуу боюнча башынан аягына чейин кызмат көрсөтөт: ишкананын максаттарына жана талаптарына ылайык жабдууну тандоого жардам берет, чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр менен иштешет, эл аралык логистиканы уюштурат, бажылык тариздөөнү жана документтерди даярдоону камсыздайт, ошондой эле жабдууну жеткирүү процессин толугу менен коштоп жүрөт.
«ТриТ» долбоору өндүрүштү этап-этабы менен модернизациялоо заманбап технологияларды киргизүүгө жана иш процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берерин көрсөтөт.
Өндүрүшүңүздү модернизациялоону же жаңы өндүрүштү ишке киргизүүнү пландап жатасызбы?
Бизге кайрылыныз, сизге керектүү жабдууну тандоого, ишенимдүү өндүрүүчүнү табууга жана чет өлкөдөн жеткирүүгө жардам беребиз.
«АзияИмпортЭкспорт» — бизнесиңиз үчүн туура чечимди бирге табабыз!